Asia Mall соода борборунун жарыгы күйдү

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкектеги Asia Mall соода борборуна электр энергиясы кайрадан бериле баштады
Бишкектеги Asia Mall соода борборуна электр энергиясы кайрадан бериле баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода борбордун жарыгы кечки саат 19.00дөр чамасында өчүп калган болчу

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборуна электр энергиясы кайрадан бериле баштады. 

Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбүдө Бишкектин бир нече көчөсү менен конуштары жарыксыз калат. Тизме
Жекшембиде кечки саат 19.00дөр чамасында соода борбордун жарыгы толугу менен өчүп калган. Ал убакта ичинде эл көп болчу. Ал эми балдар аянтчасында ойноп жаткан жаш балдар ата-энесин таба албай ызы-чуу түшүп жатканын соцтармак колдонуучулары жазган. 

Asia Mall "Түндүкэлектро” ААКнын балансында эмес, Чүй жогорку чыңалуудагы электр байланыш ишканасынын жеке структурасынын абоненти экени белгилүү болду.

Жарыктын эмне себептен өчкөнү азырынча белгисиз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0