Дүйшөмбүдө Бишкектин бир нече көчөсү менен конуштары жарыксыз калат. Тизме

© AFP 2023 / ISHARA S.KODIKARAЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине жана электр тогун өткөрүүчү зымдардын алмаштырылып жатканына байланыштуу үзгүлтүккө учуроодо

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын айрым көчөлөрү менен жаңы конуштарында 20-ноябрь күнү свет өчүрүлө турганын "Түндүкэлектр" ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, эртең менен саат 9.00дөн 18.00гө чейин Садырбаев, Репин, Попов, Тыныстанов, Ахунбаев, Байтик баатыр, Жантөшев, Скрябин, Абай, Медеров, Циолковский, Айни, Сухомлинов, Леваневский көчөлөрүндө жарык болбойт. Мындан сырткары, "Кайыңды", "Көк-Жар" (Куйручук, Шоокум көчөлөрүндө) жана Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүнө жарык берүү убактылуу токтотулат.

— 9.00дөн 17.00гө чейин Чүй проспектисинин №99 үйүндө, "Энесай" конушу жана "Учкун" кичи районунда;

— 9.00дөн 12.00гө чейин "Алтын-Казык" конушунун Ай-Көчө, Күн-Көчө көчөсүндө;

— 9.30дан 18.00гө чейин Фрунзе жана Исанов көчөлөрүндө.

Электр энергиясы оңдоо иштерине жана электр тогун өткөрүүчү зымдардын алмаштырылып жатканына байланыштуу үзгүлтүккө учуроодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0