Баткенде Сүлүктүнүн көмүрү кымбаттап, жергиликтүү эл нааразы болууда

© AFP / FARSHAD USYANУгольная промышленность в Кабуле
Угольная промышленность в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүлүктү көмүрү бул жылы мурунку баасынан үч cомго кымбат баада сатылып, жергиликтүү жашоочулар үчүн кыйынчылык жаратууда.

БАТКЕН, 16-ноя. — Sputnik. Баткен облусунда Самаркандек көмүрү аз көлөмдө казылгандыктан жашоочулар Сүлүктү көмүрүн кымбат баада сатып алууга мажбур болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына жергиликтүү жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында, былтыр килограммы алты-жети сомдон сатылган Сүлүктү көмүрүнүн баасы быйыл тогуз сомго жеткен.

Сүлүктү көмүрүнө болгон нарктын өсүшүнүн себебин аталган шаардын мэри Рахман Эрматов көмүрдүн чет өлкөгө экспорттолуп жатканы менен түшүндүрдү.

"Облустагы элдин керектөөсү жылына 130 миң тонна болсо, Самаркандек шахталарынан миң тоннага жетпеген көмүр өндүрүлөт. Ал эми Сүлүктү шахтасынан жылына 230 миң тонна көмүр казып алынып, анын 70 пайызы кошуна өлкөлөргө экспорттолот. Баасы ошол себептен кымбат болууда. Анын үстүнө башка шахталарда көмүр жер үстүнөн атайын техниканын жардамы менен алынса, Сүлүктүнүн көмүрү 500-600 метр тереңдиктен казып алынат. Буга байланыштуу да Сүлүктүнүн көмүрү кымбат сатылууда", — деди Эрматов.

Ал эми Баткен облустук монополияга каршы агенттигинин жетекчиси Эмил Мажитов быйыл күн жылууда эле көмүрдүн баасы көтөрүлүп кеткендиктен, өкмөт атайын токтом кабыл алуу алдында турганын айтты. Эгер аталган токтом күчүнө кирсе, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги атайын баа коюп берип турат.

"Ар бир шахтанын көмүрдү казып алуудагы чыгымын жана алып сатуучулардын жол чыгымын эсептеп туруп тийиштүү бааны коюп беребиз", — деди Эмил Мажитов.

Кокуйлаткан көмүр баасы! Кыргыз көмүр кара алтындын баасы арзандайт дейт... - Sputnik Кыргызстан
Кокуйлаткан көмүр баасы! "Кыргыз көмүр" кара алтындын баасы арзандайт дейт...
Ал ошондой эле эгерде көмүр көрсөтүлгөн баадан жогору сатылса, 50 миңден 100 миңге чейин айып пул салынаарын кошумчалады.

Учурда облустагы социалдык объектилерге көмүр 3500 миң сомдон жеткирилип, кышка камылга 72 пайызга аткарылды. Ал эми аталган аймактын калкы кыш мезгилине 73 пайызга даяр. Былтыр суук катуу болгондуктан көмүр кымбаттаган, быйыл да ошол абал кайталана турган болсо кара алтынды экспорттоо 2 же 3 айга токтотулаарын облус жетекчилигинен билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0