Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в Ливии
Ситуация в Ливии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсептөөлөр боюнча рейтингдин башында турган мамлекеттерде террордук аракеттердин болуу ыктымалдуулугу жогору, ал эми акыркы орунда тургандарда коркунуч жок.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Терроризмдин глобалдык индексинде Кыргызстан 79-орунга татыды. Бул тууралуу Лондондогу экономика жана тынчтык институту тараткан билдирүүдө айтылат. 

Өткөн жылга салыштырганда Кыргызстан 84-орундан 5 тепкич төмөндөгөн.

Задержание А. Сухоносовой и Д. Долгополова, обвиняемых в государственной измене - Sputnik Кыргызстан
УКМК: эл аралык террордук топтун мүчөсү делген 20 жаштагы бала кармалды
Эсептөөлөр боюнча рейтингдин башында турган мамлекеттерде террордук аракеттердин болуу ыктымалдуулугу жогору, ал эми акыркы орунда тургандарда коркунуч жок.

Эксперттердин баамында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстанда терроризм коркунучу жогору (рейтингде 67-орун). Андан кийинки орунда Тажикстан (74-орун). Өзбекстан 123-орунга татыган. Аймактагы эң коопсуз мамлекет деп Түркмөнстан (134-орун) таанылды.

Рейтингде терроризмдин таасири күч болгон мамлекеттердин катарын Ирак, Афганистан, Нигерия, Сирия, Пакистан, Йемен, Сомали, Индия, Түркия жана Ливия мамлекеттери толуктайт. Ал эми коопсуз делип Португалия, Румыния, Латвия, Сингапур жана Словения аталды.

Экономика жана тынчтык институту жыл сайын ар бир мамлекеттеги террордук коркунучтун деңгээлин аныктаган комплекстүү изилдөөлөрдү жасап келет. Жогорудагы рейтинг өлкөдөгү террордук аракеттердин саны, каза болгондор жана жабыркагандар жана келтирилген материалдык чыгымдын көрсөткүчтөрүнө карап түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0