Бул ирет жол кырсыгына кабылып, бир адамдын өлүмүнө себепкер болгон бишкектик тургундун анонимдик катын жарыялайбыз.
Бош кан жол, катуу айдап бара жаткам. Тааныш кыз бир нерсени сурап жазып калды, ага бир ирмемге эле алаксып кеттим… Дал ошол маалда жолго бир киши чуркап чыкты. Ал машинеге урунганын уктум, рулду башкара албай бир имаратты барып сүздүм. Эсиме келгенимде унаадан чыгып, жанагы кишинин бош жолдо кыймылсыз жатканын көрдүм. Тегеректе эч ким жок. Айламды таба албай калдым…
Алгач атама телефон чалдым. Ага эмне деп айтканым жадымда жок, бирок апам, иним милиция менен Тез жардамдан эрте жетип келишти… Доктурлар ал кишинин көз жумганын айтышты. Ошол учурда коркконумду айтпагыла! Коркууга алдыргандыктан, башым маң эле. Киши өлтүрүп алдым… Анын чөнтөгүндө эски телефон бар экен, жарака кетиптир, бирок иштейт экен. Жакындары ага чалып, кайда экенин сурап жатышты. Тез жардамдын дарыгери анын жол кырсыкка кабылганын кабарлады.
Жарым сааттан кийин анын аялы, уулу келди. Алардын кыйкырыгын уктум, көз жашын көрдүм. Доктурлар мас абалында болгонун айтышты, бирок бул нерсе киши өлтүргөнүмдү жокко чыгара албайт да. Балдарын атасыз, а жубайын жесир калтырдым. Андан кийин түнү бою милиция, наркологияда жүрдүк…
Окуумду таштап салдым. Ата-энем мени актап, болушунча жооткотууга аракет кылып жатышты. Мен өзүмдү кечире албай койдум. Апам психологго алпарып, мени туңгуюктан алып чыгууга тырышты. Бирок аябай терең кайгыга түшүптүрмүн. Алдыга жылышым керектигин түшүнүп турам, бирок ага күчүм жетпейт. Мындан уялам, бирок бир нерседен эле корко берем. Эмне кыларымды билбей калдым.
Ильдар Акбутин, психолог:
Ата-энеңиз ал кырсыктын кесепетин жайгарганы менен сиз катуу кайгыга кабылгансыз (ПТСР). Адатта оор окуядан кийин бир жыл ичинде анын белгилери токтойт, ошондуктан сизге көмөктөшө турган психолог издөөнү токтотпоого кеңеш берер элем.
Бактыга жараша, Бишкекте жеке да, топ ичинде да психологиялык кызматтар кеңири көрсөтүлөт. Эгер бир психологдун жардамы тийбесе, башкасын издеңиз, акыл саламаттыгыңыз чоң коркунучта. Денебиз жаракат алганда травматологго баргандай эле, көңүл жараатын дарылоону кесипкөй психолог же психотерапевтке табыштаңыз.
Өмүр сүрүү жана жашоонун жыргалын татууга эки эле нерсе керек эмеспи: жашоо жана кубануу! Өз жыргалыңызды табууңузду каалайм.
Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.