Кызыл чеке түшкөн соцтармак: мөңгү мөгдөдү, урпактар "жүзүкара" десе кантебиз?!

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөңгүлөрдү казууга жол берген мыйзам долбоордун парлементтен колдоо тапканы коомчулукту кызыл чеке түшүрдү

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгени үчүнчү окууда жактырды. Ага ылайык, "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдө "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүн казууга уруксат берилди. Бул мыйзам долбоорду караган 63 депутат макул деп добуш берсе, 22 эл өкүлү каршы болду.

Буга байланыштуу социалдык тармактарда түрдүү сөздөр айтылууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги коомдун пикирин чогултту.

1. Мыйзам парламенттен колдоо тапкандан кийин депутат Садык Шер-Нияз урпактар алдындагы жоопкерчиликти эске салган.

"Ак мөңгүлүү аска зоолор, таалалар, Элибиздин жаны менен барабар, деп гимнибизде айтылгандай сансыз кылым ата-бабабыз сактап келсе, биз дүңүнөн да, чекене баага да соодалай баштасак… Анда урпактар гимндин эки сабын "Ошол мөңгү, Ала-Тоону чекендеп, Сатып келген биздин жүзүкаралар" десе кантебиз?", — деп суроо салган.

2. Ал эми акын, журналист Зайырбек Ажыматов өз пикирин ыр аркылуу билдирген.

"Мөңгү, мөңгү, мөңгүм,

Мөгдөгөнүң көрдүм…

Куту качып жердин,

Куму учкансыйт чөлдүн,

Келбейт сени көмгүм…" — деген сөздөр ырынын акыркы саптарында камтылган.

3. Бул мыйзам долбооруна каршы чыккандарын катарын ырчы Кайрат Примбердиев да толуктады. Ал "мөңгүнү талкалагандарга каргыш тийсин!" деп жазган Facebook баракчасына.

4. Журналист Санжи Туйтунова мөңгүнүн мунуң сүрөттөгөн. Анда ал уулдары коргоп калат деп менменсип, алардан мындай саткынчылыкты күтпөгөнүн баяндаган.

"Мөңгү тээ илгери, жаш чагында Ала-Тоону миңдеген жылдар бою көрккө бөлөп турам деп Жер Энеге ант бербеди беле… Ал тилеги ташка чабылды. Ала-Тоону аяды, чөлгө айланып какырап, арча-карагайынын ордуна сөксөөлдөр жайнап турганы көз алдына тартыла түштү. Оор үшкүрдү. Анын качыраган добушу далай жүрөктү көзөп өттү. Кош, Ала Тоо!", — деп коштошкан.

Ошондой эле ал миңдеген кылымдык өмүргө бир күндүк чечим чекит коебу деп таң калууда.

5. Бакыт Төрөгелди уулу спутниктен тартылган сүрөттү киргизип "Centerra кыргыздын мөңгүлөрүн ушинтип уулап салган" деп жазды.

7. Ал эми Адилет Балтабаев мындай учурда оппозиция каякта жүрөт деп суроо салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0