Бишкектин бир катар көчөлөрү жарыктандырылды

© © SputnikАйтмамат Кадырбаев ознакомился с началом работ по установке освещения на территории жилых многоквартирных домов в Оше
Айтмамат Кадырбаев ознакомился с началом работ по установке освещения на территории жилых многоквартирных домов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык иштер "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Свердлов районун жарыктандыруу аракеттери уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Көчөнү жарыктандыруу иштери үч этап менен ишке ашып, райондогу 1051 үйдүн алды кечинде жарык болуп калды.

"Жергиликтүү тургундардын айтымында, түндө көчөлөр караңгы болгондуктан уурулук көп болчу. Ата-энелер балдарын күүгүм киргенде сыртка чыгаруудан коркушчу. Себеби, кооптуу эле", — деп айтылат маалыматта.

Жарыктандыруу Балтийская, Таймырская, Карский туюк көчөсү, Менделеев, Менделеев 2, Чынар көчөлөрүндө жүргүзүлгөн. Ошондой эле Акылбеков көчөсү Разин көчөсүнөн Достоевскийге чейин жарыктандырылган.

Бардык иштер "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0