Байгеге коюлган карышкыр. Той ээси жырткычты кайдан алганын айтып берди

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүКарышкыр. Архив
Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин Исфана шаарындагы мал базарга карышкырды алып чыккан тургун учурда изделүүдө

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында чоң той өткөрүлүп, анда бейгеге карышкыр коюлду. Бул маалыматты той ээси, "Бүркүт" көк бөрү командасынын капитаны Жандарбек Төрөев тастыктады.

Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып бергенине караганда, ал балдарына сүннөт той берген.

"Мен бир нече тойду бир өткөрдүм. Үч уулумду сүннөткө отургузуп, аны менен катар үй той бердим. Тойго канча киши келгенин санаган деле жокмун, башкалар төрт миңге жакын конок келди деп айтып жатышат. Карышкырды мага тойдун алдында айылдаштарым белек кылган. Аны көк бөрүгө койгон байгелеримдин арасына кошуп койгом", — деди Төрөев.

Животный парк Сент-Круа на востоке Франции - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө күйөөсүнө кол салган карышкырды аялы бычактап өлтүрдү
Той ээси уюштурган ат оюндарына байге катары үч унаа, эки төө, үч күлүк, 30 жылкы, 30 кой жана тирүү карышкыр коюлган. 

Жарткыч көк бөрүдөн мыкты оюн көрсөткөн Жаныш Ниязовго тийди.

"Карышкырды утуп алганыма кубанычтамын. Бирок ал мага кереги жок. Ошол себептен аны келерки тойдо байге катары коем", — деди ал.

Белгилей кетсек, мурдараак Баткендин Исфана шаарындагы мал базарга жергиликтүү тургун тирүү карышкыр алып чыккан. Учурда ал киши изделүүдө.

Байгеге коюлган карышкыр ошолбу же ал эмеспи, азырынча белгисиз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0