Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1-декабрга чейин митинг өткөрүүгө болбойт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против разработки на ледниках в Бишкеке
Митинг против разработки на ледниках в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингдерди Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жайгашкан мамлекеттик мекемелердин алдында өткөрүүгө болбойт

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту Бишкекте 1-декабрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Сот Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын митинг өткөрүүгө чектөө коюу арызын жүйөөлүү деп тапкан. Мындай чечим эмне себептен кабыл алынганы айтылган эмес.

Ага ылайык, 1-декабрга чейин төмөнкү аймактарда митинг өткөрүүгө болбойт:

Жогорку Кеңеш;

Өкмөттүн имараты;

БШК;

"Ала-Тоо" аянты;

Бишкек шаардык соту, Жогорку сот;

Киев көчөсүндөгү Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алды.

Митинг өткөрүүнү каалагандар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверге бара алышат.

Аталган чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0