Атамбаев жаңы конуштардын жолун ири шосселер менен салыштырды

Жазылуу
Президент өлкөнү маал-маалы менен кыдырып турарын билдирген

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өзгөчөлөнгөн жарандарга сыйлыктарды тапшырып жатып жолдордун сапаты тууралуу кеп кылды.

Ал өлкө ичин көп кыдырарын айтып, элдин көбү мурдагы учурларды унутуп калып жатканын белгилеген.

"6 жыл мурун жаңы конуштардын жолу топурак болчу. Азыр болсо шосседе кетип бараткандай болосуң", — деди президент.

Мамлекет башчы мындай көрүнүш өлкөнүн оңолуп жатканынан кабар берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0