Аксы: апасы менен жеңеси киши колдуу болуп, өзү жаракат алган келин кош бойлуу болгон

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу учурда өзүнө келип, сүйлөгөнгө жарап калды

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Аксынын Коргон айылында апасы менен жеңеси киши колдуу болуп, өзү оор жаракат алган келин кош бойлуу болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аксы аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмонов билдирди. 

Анын айтымында, келин жандандыруу бөлүмүндө. Учурда өзүнө келип, сүйлөгөнгө жарап калды. 

"Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Беш айлык боюнда бар экен. Абалы оор. Анткени баш мээси чайкалган, башынан ачык жаракат алып кан уюп калган. Мындан сырткары, желке сөөгү сынган", — деди Осмонов.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеминде мурдагы күйөөсүнүн ариетин өткөрүп жаткан аял бычакталып көз жумду
Эскерте кетсек, Аксы районунун Коргон айылындагы үйлөрдүн биринен 14-ноябрга караган түнү эки аялдын сөөгү табылды. Андан сырткары, үйдөн башынан оор жаракат алган 26 жаштагы келин ооруканага жеткирилген. 

Бул факты боюнча укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда кылмышкерди издөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0