Тарых жана Фрунзе музейинен жоголгон баалуу экспонаттардын тизмеси

© Sputnik / Жоомарт УраимовГосударственный исторический музей КР в Бишкеке
Государственный исторический музей КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эки музейден жалпысынан 600дөн ашык буюмдар жоголгону айтылган

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Коосуздук кеңешинин катчылыгы Мамлекеттик тарых музейи менен М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинен жоголгон экспонаттардын тизмесин Sputnik Кыргызстан агенттигине берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Тарых музейинен 503 экспонат жоголуп, М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинен 100гө чукул буюм табылбай калганы маалым болгон.

Тарых музейинен жоголгон экспонаттардын тизмеси:

Как будет выглядеть Исторический музей после ремонта — 3D-видео - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейинин реконструкциядан кийинки көрүнүшү. 3D-видео
Тарых музейинен 503 экспонат жоголгон, анын 29у — баалуу металл.

— 6,5 грамм салмактагы күмүш;

— Бонистика коллекциясында (мамлекеттик сыйлыктар) 8 сыйлык жоголгон. Алардын арасында Ленин ордени, Күжүрмөн Кызыл туу (2 даана), I даражадагы "Ата Мекендик согуш" жана Александр Невский ордендери, "Биздин иш акыйкат – биз жеңебиз" медалы жана "Кенигсбергди алгандыгы үчүн" медалы;

— Музейдин каттоо документтеринде 2 орден каттоосуз калган. Алар "Улуу Ата Мекендик согуш" жана "Кызыл Туу" ордендери;

— 6 күмүш жана жез тыйын, "чокмор баш" (кыргыздардын куралы, XIX кылымга таандык).

Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан
Сиз көрө элек экспонаттар! Музейдин эл көзүнөн алыс сакталган баасыз байлыгы
Баалуу металл фондусу боюнча 29 музей экспонаты табылган эмес. Ал эми этнография боюнча белектер коллекциясында (мамлекеттин биринчи адамдары үчүн) 24 экспонат жок болуп чыккан. Алардын арасына фарфор ваза, панно, кубоктор жана 7 орден кирет.

Этнография коллекциясында 10 предмет жок, алардын арасында жыгачтан жана териден жасалган буюмдар менен ат жабдыктары бар.

Ушундай эле абал музейдин бардык 17 негизги жана көмөкчү фонддорунда байкалган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМ.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейи
Музей Михаила Фрунзе. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан
М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейи

М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде жоголгон буюмдар:

— Фрунзенин алтын сааты;

— Канжардагы сары түстөгү бир баалуу асыл таш – Фрунзеге Бухара элинен белек;

— Фрунзенин шпорасы;

— Фрунзенин кагаз кесүүчү бычагы;

— полковник Карповдун сааты;

— Тимур Фрунзенин энчилүү швейцар сааты;

— М.Е.Фрунзенин (М.В.Фрунзенин апасынын) ашкана кашыгы;

— колдо жасалган мылтык;

— "Аргус" тери менен капталган немис дүрбүсү;

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу П.П.Воробьевдун ордендери жана медалдары. Алардын арасында "Кызыл Туу" (3 даана), "Ленин", "Кызыл Жылдыз", I даражадагы "Ата Мекендик согуш", "Эмгек Кызыл Туу", "Кызыл Жылдыз", "Ардак белгиси" ордендери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0