Атамбаев: мамлекеттик тилде сүйлөсөм, сөзүмдү кыргыздар эле бурмалап салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаарына канча күн калганын баса белгилеп, бул ал үчүн өлкө башчысы караты акыркы жыйын экенин эскертти

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеште сөз сүйлөп жатып, мамлекеттик тилде сүйлөсө анын сөздөрүн кыргыздар дагы бурмалап саларын айтты.

Саламдашып жатып Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаарына канча күн калганын баса белгилеп, бул өлкө башчы катары анын акыркы жыйыны экенин эскертти.

"Биринчи жолу тегерек столдо өлкөнүн эки президенти бирге отурат. Менин президенттик мөөнөтүм аяктаарына тогуз гана күн калды. Бул нерсе салтка айланып, алты жалдан кийин менин ордумда Сооронбай Шарипович отуруп, билген нерсесин жаңы президентке үйрөтүп, жол көрсөтөт деп ишенем", — деди Атамбаев.

Алгачкы сөзүн аяктап жатып Атамбаев мындан аркысын расмий тилде айтарын, мамлекеттик тилде сүйлөсө айткандарын кыргыздар дагы бурмалап саларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0