ОШ, 15-ноя. — Sputnik. Аба ырайы өзгөрүп суук түшкөндүктөн жана шаардыктардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жана социалдык объектилерге 15-ноябрдан тарта жылуулук берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Маалыматка ылайык, жылуулук алгач калаадагы социалдык объектилер — бала бакчага, ооруканаларга, андан соң көп кабаттуу үйлөргө берилет.
"Ошондой эле аймактык кеңештин төрагаларына жылуулук берилүүчү үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук системаларын оңдоп-түзөп бүтүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген", — деди Топчубаев.
Белгилей кетсек, Ош шаарына буга чейин жылуулук 6-ноябрда берилери маалымдалган.