04:52 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Жылуулук. Архивдик сүрөт

Ош шаарына бүгүнтөн тарта жылуулук берилет

© Sputnik / Виталий Аньков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
53 0 0

Буга чейин жылуулук 6-ноябрда берилери маалымдалган

ОШ, 15-ноя. — Sputnik. Аба ырайы өзгөрүп суук түшкөндүктөн жана шаардыктардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жана социалдык объектилерге 15-ноябрдан тарта жылуулук берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Маалыматка ылайык, жылуулук алгач калаадагы социалдык объектилер — бала бакчага, ооруканаларга, андан соң көп кабаттуу үйлөргө берилет.

"Ошондой эле аймактык кеңештин төрагаларына жылуулук берилүүчү үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук системаларын оңдоп-түзөп бүтүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген", — деди Топчубаев.

Белгилей кетсек, Ош шаарына буга чейин жылуулук 6-ноябрда берилери маалымдалган.

Тема боюнча

Ноябрь айына карата газдын баасы аныкталды
Ош шаарына жылуулук качан берилери маалым болду
Белгилер:
көп кабаттуу үй, жылуулук, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ