Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 9…14, Ысык-Көл менен Нарында 7…8 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы 8…14 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0