БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эртең, 15-ноябрда, таза суу берүү 10 саатка токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, Раззаков көчөсүндөгү суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9:00дөн кечки 19.00гө чейин суу болбойт.
Мындан улам Орозбеков, Абдумомунов, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана Эркиндик проспектисинде ичүүчү суу болбойт. Анын ичине төмөнкү мекемелер да кирет.
— Россиянын соода өкүлчүлүгү;
— "Москва" бизнес-борбору;
— Германиянын Кыргызстандагы элчилиги;
— Япониянын Кыргызстандагы элчилиги;
— Мамлекеттик архив;
— №3 кесиптик лицей:
— Ишенаалы Арабаев атындагы КМУ;
— Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
— Мамлекеттик тарых музейи;
— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.