Соцтармак кызыктары: тоюнда элди жашыткан күйөө бала, "Булбулду" эскерген ырчы

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина держит мобильный телефон с открытым Facebook
Мужчина держит мобильный телефон с открытым Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жума социалдык тармактарда ары күлкүлүү, ары кызыктуу окуялар менен коштолду. Алардын катарында өнөр ээлеринин түрдүү таланттарына күбө боло алдык.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Үлпөт тойдогу күйөө бала менен апасынын бийи, түркиялык музыканттын маркум Элмира Кайып кызын эскерип "Булбулум" ырын аткарганы соцтармак колдонуучуларынын муун-жүнүн бошотту. Sputnik Кыргызстан агенттиги соцтармактагы ушул жана башка кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Ааламда бир да аялзат ажарлуу эмес сенчелик. Үйлөнүп жаткан бала тоюнда апасына арналган ырдын коштоосунда бийледи. Бул ирмем тойдо отургандардын эле эмес, видеодон көргөн ар бир адамдын көзүнө жаш тегеретти.

Ырдын текстинде:

"Кайгымды тарттың теңселип, карыздар ким бар менчелик,
Жүк болгон күнүм эстесем жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң, ак көйнөк кийсең көйкөлүп,
Ааламда бир да аялзат ажарлуу эмес сенчелик, сулуу эмес апа сенчелик" деген сөздөр камтылган.

2. "Булбулду" эскерип…. Түркиялык музыкант Ирфан Гүрдал TRT Avaz телеканалындагы музыкалык программалардын биринде Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум" аттуу чыгармасын комузда ырдады. Ал үчүн бул ырдын чоң мааниси бар экенин белгилеген. "Булбулумду" үйрөткөн жакын досторумдун бири Элмира Кайып кызын үч ай мурун жоготтук. Элмира бул ырын ушул студияда да ырдаган эле" деп айткан түркиялык ырчы.

3. Болливуд Кыргызстандан клип тартты. Шаршемби күнү Болливуд жылдызы Рахат Фатех Али Хан "Banjarey" (көчмөндөр) аттуу ырына Ысык-Көлдөн тарткан клибин жарыялады. Анда башкы ролду Индиянын атактуу актрисасы Ниту Чандра менен кыргызстандык модель Нурсултан Айталиев аткарган.

Komuz style😎😎😎 #Импровизиация#на#gangnam#style#😀😀😀

Публикация от Nazbek.Kenchinbaev (@nazbek.kenchinbaev) Ноя 8 2017 в 4:39 PST

4. Комуз style. Баарыбызды секиртип бийлетип дүйнө хитине айланган Gangnam style ырын комузчу Назбек Кенчинбаев комуздун коштоосунда жаңыртты. Өнөр ээлерине таң калып бүтпөйсүң!

@omks_video #бишкек #кыргызстан #bishkek #kyrgyzstan #cover #кавер #guitarcover #гитара

Публикация от 🎼🎤🎹🎸🇰🇬 (@abbascovers) Ноя 11 2017 в 10:32 PST

5. Гитарадагы гимн. Жаш музыкант Аббас Абдумомунов Кыргызстандын гимнин электрогитарада ойноду. Талантың ташкындай берсин!

6. Жалбырак өрттөсөң жазага тартыласың. Өз короомду тазалайм деп дарактан түшкөн жалбырактарды түтөтүп өрттөй бербеңиз. Сот 2000ден 10000 сомго чейинки акчаңызды шыпырып алат.

7. Кыргызстандык Болот Өмүралиев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго омуроосунда жараткандын ысымы жазылган аргымакты белек кылды.

Акылдуу ат 🐎 Умница 😃

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Ноя 6 2017 в 9:28 PST

8. Акылдуу ат. Ал эми бул аргымак сөзгө түшүнөт экен. Ээси жат десе жатып, тур десе туруп досундай болуп калыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0