Өкмөт Ош менен Бишкектин көчөлөрүнө видеокамералар качан орнотуларын айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолго камераларды орнотуу. Архив
Жолго камераларды орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт жол коопсуздугун сактоо үчүн бир катар чараларды көрүүгө камынууда

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүндө фото жана видео байкоо жабдуулары ушул ноябрь айынын аягына чейин коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн жол коопсуздугу системасын реформалоонун комплекстүү чаралары боюнча иш планында айтылат.

Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясынын унааларына камера орнотуу пландалып жатат
Маалыматка ылайык, көзөмөл жабдуулары "Таза Коом" долбоорунун алкагында аталган эки шаарга, андан соң өлкөнүн бүт аймагына орнотулмакчы. Иш-чараны жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин ИИМ, Ош жана Бишкек шаардык мэриясы алды.

2018-жылдын 28-февралына чейин патрулдук унаалар керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болот. Андан тышкары, 30-декабрга чейин жол кыймылдарын тескөөчү автоматташкан борбордук система түзүлөт.

Буга чейин жол коопсуздугун сактоого багытталган план 6 блоктон туруп, анда 103 пункт камтылганы маалымдалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0