Келечекте Бишкек — Ашхабад авиакаттамын ачуу талкууланды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ашхабад
Города мира. Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн министрлери бир нече тармактагы кызматташуу менен борбор калааларды байланыштырган түз авиакаттам ачууну сүйлөшүштү

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түркмөн кесиптеши Рашид Медеров менен Бишкек — Ашхабад авиакаттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачуу боюнча сүйлөшүп жатат
Жолугушуу 11-ноябрь күнү Самаркандда "ЕС — БА" (Евросоюз — Борбордук Азия) форматында өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында болгон. Анда эки тараптуу кызматташуу, саясий, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жатта кыргыз-түркмөн мамилелери талкууланган.

Мындан тышкары, министрлер эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери менен бирге эки борбор калааны байланыштырган түз авикаттам ачуу аракеттерин да кеп кылышканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0