БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Саунага такай баруу бир катар оорулардын алдын алып, узак жашоого шарт түзөрүн окумуштуулар аныкташты. Чыгыш Финляндия университетинин дарыгерлеринин мындай изилдөөсү The Conversation илимий журналына жарыяланган.
Окумуштуулардын тобу 24 жыл бою 1620 эркек кишинин ден соолугуна көзөмөл кылышкан. Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, саунага такай баруу (жумасына 4-7 жолу) кан басым оорусун 50 пайызга азайтат. Окумуштуулар жогорку температура жүрөктүн кагышын тездетип, кан тамырларды кеңейтип, кандын айлануусун жакшыртат.
Андан сырткары, пневмания сыяктуу айрым оорулардын алдын алууга жардам берет. Ошол эле учурда саунага түшүү өпкө ооруларынын айыгуусуна кандай жардам бериши мүмкүн деп ишенбегендер дагы бар. Бирок окумуштуулар жылуулук өпкөгө суунун толушунун алдын алып, дем алууну жакшыртат деп ишендиришүүдө.
2015-жылы чыккан башка изилдөөгө ылайык, саунага такай баргандар жүрөк кан-тамыр ооруларынан аз жабыркай тургандыгы айтылган.