Улан Чолпонбаевдин сөөгү качан, кайда коюлат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Улан Чолпонбаев
Депутат ЖК Улан Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ооруканада дарыланып жаткан

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюларын маркумдун туугандары билдирди.

Чолпонбаев борбор калаадагы ооруканалардын биринде бөйрөгүн дарылатып жаткан. Ал 11-ноябрь күнү кечке жуук 40 жаш курагында каза тапты. Ал өлөр алдында кыска мөөнөттүү комага түшүп калганын туугандары билдирди.

Чолпонбаев негиздеген "Табылга" партиясынын өкүлдөрү депутаттын сөөгү 13-ноябрь күнү саат 11.00дө "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюларын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0