Нарын — Өрүктам жолу жазга чейин жабылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ Өрүктам айылына Сары-Булак — Кара-Кужур айланма жолу менен барса болорун айтты

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Нарын — Өрүктам жолунун 45-75-чакырымына кар көчкү түшүү ыктымалдыгынан улам аталган жол убактылуу жабылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Нарын районунун акими кол койгон. Жол 2018-жылдын 11-апрелине чейин жабык болот.

Өрүктам айылына Сары-Булак — Кара-Кужур айланма жолу менен барууга боло турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0