Ошто жашоо жеңилдейт. Калкты тейлөө борбору өз ишин баштады

Жазылуу
Абоненттердин бардык суроо-талаптары башка кызматтардын катышуусу жок эле бир оператор аркылуу канааттандырылат

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кечээ Ош шаарында "Ошэлектр" ишканасынын калкты тейлоо борбору ачылганы ведомствонун расмий сайтында жазылды.

Аталган борбор "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштемекчи.

"Ал жерде келишимдерди түзүү боюнча жардам көрсөтүлүп, жарандардын арыз жана даттануулары кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул борборго онлайн кызматтарды пайдаланбаган абоненттер кайрылса болот.

Негизги артыкчылыгы — абоненттердин бардык суроо-талаптары башка кызматтардын катышуусу жок эле бир оператор аркылуу канааттандырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0