Илимди саясатка алмаштырып өкүттө калган Аскар Акаев тууралуу 9 факты

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүЭгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү
Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаев бүгүн 73 жашка толду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Акаев тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Энеси Нурсултан Назарбаев менен тууган. Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Акаевдердин түпкү теги Атаке бийге барып такалат. 30-жылдарда бай-манаптын тукумдарын кулакка тартуу доору башталганда атасы Чоң-Кеминден Алматыны көздөй ашып, Үзөңгү-Кууш деген казак айылында жашап калат. Баш-аягы 10 жыл Казакстанда жүрүп, ал жактан жубайы Асел менен баш кошкон. Атасы Акай кыргыз, апасы Асел Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин алысыраак тууганы деп айтып жүрүшөт. Аскар — беш бир туугандын кенжеси.

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүАкаев 27 жашында кандидаттыгын, 34 жашында доктордук диссертациясын жактап, илимий чөйрөнү таң калтырган
Аскар Акаев на церемонии вручения ему диплома почетного доктора Дипломатической академии МИД РФ - Sputnik Кыргызстан
Акаев 27 жашында кандидаттыгын, 34 жашында доктордук диссертациясын жактап, илимий чөйрөнү таң калтырган

2. Физикага арналган балалык. Аскар бала кезинен тарыхка өзгөчө кызыгып, атүгүл келечекте тарыхчы болууну максат да кылып койгон эле. Бирок анын мындай тилеги 6-класска барганда, тагыраагы, ошол жылы окутула баштаган физика сабагынан улам орундалбай калган. Бул илим аны баш-оту менен өзүнө тартып кеткен. Бүтүрүү экзаменин тапшыруу кезинде Аскар Акаев химия боюнча лабораториялык тажрыйба жүргүзүп, комиссия мүчөлөрүнүн оозун ачырган.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
3. 27 жашында кандидаттык диссертация, 34 жашында доктордук диссертациясын жактаган. Окумуштуу, физик болууну эңсеген жигит 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, билим алууга борборду көздөй сапар алат. Ал кездин шартына ылайык, окууга тапшыраардын алдында эмгек тажрыйбасынан өтүү керек болчу. Ошол себептен Аскар Акаев эмгек жолун "Фрунземаш" заводунда ширетүүчү болуп иштөөдөн баштады. Эмгек стажына ээ болгон соң алгач Фрунзедеги политехникалык институттун механика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бир жыл өткөн соң бул окууну таштап коет. Анткени, алдыда башкача пландары бар эле. 1962-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтуна тапшырат. Институтту кызыл диплом менен бүтүргөн соң ошол эле окуу жайда аспирантурага калып, 27 жашында кандидаттык диссертациясын жактайт. Бул диссертация тууралуу илимий чөйрөдө кызуу талкуу жүрүп, "Вечерний Ленинград" гезити "илимге ар тараптан өнүккөн, абдан таланттуу жаш окумуштуу келди" деп жазып чыккан. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш окумуштуу 34 жашында 1981-жылы техникалык илимдер боюнча доктордук диссертациясын Москва шаарында жактаган.

4. Мекенге кайтып келген кез. Москва жергесинде бүлө күтүп, эки балалуу болгондон кийин мекенге кайтып келип, Фрунзедеги политехникалык институтка кенже ассистент болуп кызматка кирет. Акаев бир нече жыл бою илимий иштер менен катар институтта окутуучулукту да аркалаган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп шайланат.

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүЭгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен
Аскар Акаев, президент Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен

5. Илимди саясатка алмаштырган мезгил же Аскар Акаев эгемендүү өлкөнүн тунгуч президенти. Илимдер академиясын бир жыл жетектеген илимпозду 1990-жылдын 12-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында мамлекеттин президенттигине шайлашат. Бир жылдан соң 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти болуп шайланган. Беш жылдык мөөнөт өткөн соң 1995-жылдын 24-декабрында кайрадан президенттикке өз талапкерлигин коюп, бул ирет да атаандаштарынан алга озуп чыгып, экинчи мөөнөткө ажо болуп калат.

6. Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен. Учурда экс-президент МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт. Келечекте МГУнун профессору катары студенттерге лекция окушу мүмкүн экендигин да айтат.

© Фото / Нина ГоршковаАзыр мурдагы өлкө башчы Аскар Акаев МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Азыр мурдагы өлкө башчы Аскар Акаев МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт

7. Саясатка аралашып, бийликке келгенине өкүнөм. Жалпыга маалымадоо каражаттарына берген маегинде "Кээде саясатка келгениме өкүнөм. Анткени ал кезде илим менен көп ийгиликтерди багынтып келе жаткан кезим болчу. Эгер ошол багыт менен кете бергенимде, балким, баары башкача болмок беле деп калам. Бирок баары бир тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес да" деп айтканы бар.

8. Өмүрлүк жары. Аскар Акаев Москвада аспирантурада окуп жүргөн кезде 5-курстун студенти Майрам менен жердештер уюштурган кечелердин биринде таанышат. 1970-жылдын 28-июнунда баш кошуу аземин өткөрүшөт. Эки жылдан соң алардын тун кызы Бермет, андан төрт жылдан соң уулу Айдар төрөлөт. Кийинки эки баласы Кыргызстанда жарыкка келген. Майрам Акаева убагында эне жана баланы коргоо боюнча эл аралык бир топ уюмдар менен иш алып барган.

© Фото / Владимир Пирогов 2001-жыл. Эск-президент Жубайы Майрам Акаева, балдары Бермет жана Айдар менен
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
2001-жыл. Эск-президент Жубайы Майрам Акаева, балдары Бермет жана Айдар менен

9. Балдары тууралуу. Бермет Акаева Москва мамлекеттик университетине өтүп, үчүнчү курстан соң Швейцариядан билим алууга жолдомо алып, окууну ошол өлкөдөн аяктайт. Андан соң Швейцариядагы БУУнун өкүлчүлүгүнө ишке кирет. Кийин Кыргызстанга келип "Алга, Кыргызстан!" кыймылын түзгөнгө жетишет. Парламенттин үчүнчү чакырылышына өз талапкерлигин коюп, депутаттык мандатка жеткен. Бирок төңкөрүштөн соң сот Бермет Акаеваны мандаттан ажыраткан. Кийинчерээк Кемин шайлоо округунан иниси Айдар Акаевдин ордуна кайрадан депутаттыкка талапкерлигин коёт. Бул иш Бермет Акаеванын Кыргызстандын аймагынан чыгарылып салынышы менен аяктаган. Тунгуч президенттин тун кызы казакстандык Адил Тойгонбаев аттуу ишкерге турмушка чыгып, Айтегин аттуу уулдуу болгон. Президенттин тун небереси да 10-ноябрда, Аскар Акаевдин туулган күнүндө жарыкка келген.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева 67 жашка толду. Аты өзгөргөн коомдук ишмер тууралуу 7 факты
Айдар Акаев алгач Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнүп, эки жылдан кийин ажырашып кеткен. Кийинчерээк журналист кыз Сайкал Чокубаева менен баш кошуп, Айтеңир аттуу уулдуу болот. АКШнын Мэриленд шаарынан билим алган Айдар алгач Кыргызстандын финансы министринин кеңешчиси болуп иштейт. Кийин Бокс федерациясынын президенти, андан соң КРдин Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп шайланат. Парламенттин үчүнчү чакырылышына Кемин шайлоо округунан депутат болуп шайланат. Бирок төңкөрүштөн соң атасы менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен.

Саадат Акаева Фрунзеде төрөлүп, орто мектепте окуп жүрүп, атасы президент болгон соң Швейцариянын Женева шаарындагы мектептен билимин уланткан. Жогорку билимди АКШнын Бостон калаасындагы Тафт университетинен алган. Окууну бүткөн соң Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банкта иштеп баштап, учурда Австриянын борбору Венада эмгектенип жүргөнү маалым.

Экс-президенттин кенжеси Илим Акаев 1984-жылы төрөлгөн. Ал да эжеси Саадат сыяктуу алгач Бишкекте окуп жүрүп, кийин Швейцариядагы бийик Альп тоосунун боорундагы кичинекей Лизана айылындагы мектептен окуусун уланткан. Мектепти аяктагандан кийин соң АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин математика факультетинен билим алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0