Кайгуул милициясынын унааларына камера орнотуу пландалып жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милициясынын унааларына камера жана компьютердик жабдуу орнотуу сунушталып жатканын Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта сыноо иретинде милициянын толук жабдылган бир унаасы пайдаланылууда.

"Камера жана компьютердик техника менен жабдылган унаа шаар ичинде издөөдө жүргөн машиналарды жана айып пул төлөбөй жүргөн унаа ээлерин аныктайт. Калган унааларга да ушундай эле жабдуу орнотуу сунушталып жатат. Өкмөт долбоордун болжолдуу бюджетин эсептөөдө. Каражат бөлүнсө, жабдуу орнотулат", — деди Саркулов.

Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0