Жыл башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековСөөк жүктөп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив
Сөөк жүктөп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун көбүнүн сөөгү Стамбулдан чыккан

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Кыргызстандын элчилиги тарабынан 3, консулдук тарабынан 9 адамдын сөөгү мекенине кайтарылган.

Акыркысы бир жума мурун алып келинген. 22 жаштагы кыргызстандык кыз 50 күн комада жатып ооруканада көз жумган. Ал Денизли шаарында бала карап иштеп жүргөн.

Кыздын сөөгү Кыргызстанга өткөн дем алыш күндөрү алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0