13:14 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
188610

Карыпбеков вице-премьер Темир Жумакадыров 38 жашында биринчи жолу батирлүү болгонун, аны дагы президенттин демилгеси менен ипотекага алганын айтты

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Маркум вице-премьер Темир Жумакадыровдун ипотекага алган үйүнүн карызынан президент Алмазбек Атамбаев кутултканын Илим Карыпбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Карыпбеков Жумакадыров 38ге чыкканда гана биринчи жолу үйлүү болгонун, аны дагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ипотекага алганын кошумчалады.

"Темир эч качан жеңил турмушта жашаган жок. Ата-эне, туугандарынын баары карапайым кишилер. Эч ким алдына даяр аш коюп, кызмат берип бөпөлөгөн эмес. Ушунчалык жогорку кызматта иштегени менен жашоо-турмушу катардагы мугалим же дарыгердикинен айырмаланчу эмес. Өмүр бою бир гана айлыкка жашады. 38ге чыгып биринчи жолу үйлүү болгон, аны дагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ипотекага алган. Ал киши Темирдин тазалыгына, алдым-жуттум эместигине көзү жетсе керек, сен үйлүү болушуң керек деп ипотеканын алгачкы төлөмдөрүн өзү төлөп берген. Бирок ошол ипотеканы аягына чейин төлөп бүтө элек болчу. Калган акчасын көзү өткөндөн кийин кайра эле президент кутултуп берди", — деди ал.

Белгилей кетсек, маркум Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон.

Тема боюнча

Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
Бишкектен кантип батир сатып алам? Кыймылсыз мүлк менен иштегендерден кеп-кеңеш
Белгилер:
үй, батир, Темир Жумакадыров, Илим Карыпбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ