Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына бир дагы президент чакырылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников
Торжественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурация 24-ноябрь күнү Мамлекеттик резиденцияда өткөрүлмөкчү

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына башка мамлекеттердин президенттери чакырылган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КР президентинин аппарат жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.

Буга чейин жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда болору айтылган.

"Дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен башка өлкөнүн президенттерин чакырбай эле коюуну туура көрдүк. Чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу элчилери келишет", — деди Усенов.

Инаугурация 24-ноябрь күнү Мамлекеттик резиденцияда өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0