Сапар Исаков журналисттердин коомдогу ордун белгиледи

Жазылуу
Өкмөт башчы журналисттердин коомдогу ролун баса белгилеп, аларга ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалады

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздердин талыкпаган эмгегиңердин аркасы менен биз саясий, социалдык, экономикалык жана маданий жашообуздагы акыркы жаңылыктар менен маалым болуп турабыз. Руханий өсүү, партиоттуулукка тарбиялоо, маданий баалуулуктарды сактоо жана башка тармактарыбызга кошкон салымыңар чоң", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан ташкары, өкмөт башчысы журналисттерге ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0