Окумуштуулар эркектер да төрөй алаарын айтышты

© AFP / MYCHELE DANIAUБоюнда бар келин. Архив
Боюнда бар келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жатынды алмаштыруу жакынкы аралыкта бир гана аялдарга эмес, эркектерге да жеткиликтүү боло баштайт.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Трансплантологиянын жетишкендиги менен эркектер "эртең эле" бала төрөй башташат. Бул тууралуу Американын репродукциялык медицина коомунун президенти Ричард Полсон билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Ричард Полсондун айтымында, жатынды алмаштыруу жакынкы аралыкта бир гана аялдарга эмес, эркектерге да жеткиликтүү боло баштайт. Адис мындай операцияга суроо-талап көп болоорун күтүп жатканын айтып, хирургиялык жол менен жынысын алмаштыргандардын саны да өсөөрүн айткан.

"Сиз бул нерсени эртең эле жасасаңыз болот. Бир аз кыйынчылыктар бар, бирок бул тармакта ишке ашпагандай олуттуу деле көйгөй көрө алган жокмун", — деп дарыгерлердин бири Сан-Антониодо өтүп жаткан репродукциялык медицина тармагынын адистеринин съездинде билдирди.

Сулуулук сынагынан катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар аялдын кайсы мүчөсү көбүрөөк кызыктырарын айтышты
Окумуштуу Полсон жатынын алмаштырган адам операция жолу менен гана төрөй алаарын айткан. Ошондой эле кош бойлуулук жакшы өтүшү үчүн, бейтап гормоналдык терапиянын курсуна барышы керек.

Бүгүнкү күндө жатынды алмаштыруу боюнча тогуз операция ийгиликтүү аяктаган. Бул тармакта швед дарыгерлери мыкты адис деп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0