Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOДепутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов
Депутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ишкер жана саясатчы Өмүрбек Бабановдун буга чейинки иштерине саресеп салып, ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Лидер парламентской фракции Республика — Ата-Журт Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт
Башкарманын баласы. Өмүрбек Бабанов 1970-жылы 20-майда Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Анын атасы — Токтогул Бабанов "Россия" атындагы миллионер-колхоздо 20 жыл башкарма болуп иштеп, Бир нече ирет Кыргыз ССРинин депутаты болуп шайланган. Энеси — түрк кызы, жерлиги — Казакстандын түштүгүнөн.

Алгачкы тапкан акчасы. Маектеринин биринде алгачкы жолу 7-классында акча тапканын айткан. Ал тамеки тизип 40 сом, кой кыркып 20 сом, кырманда жүрүп 15 сом алган.

Азыркы байлыгы туурасында. Бабанов өткөн жылкы кирешеси 10 миллион 902 миң 793 сом болгонун декларациясында көрсөткөн. Анда негизги мүлкү катары 324 чарчы метрлик үйү жана 91,7 чарчы метрлик батири жазылган. Ал эми жакындары Toyota Land Cruiser Prado жана Toyota Land Cruiser-200 жолтандабастарын минип жүрөт. 

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде. 18 октябрь 2011-жыл
Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде. 18 октябрь 2011-жыл

Саясаттагы жолу. 2005-жылкы "Жоогазын" революциясынан кийин Талас облусунун "Кара-Буура" округунан Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутат болгон. 2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы турган оппозицияга кошулган. Ага карабай Бакиев аны 2009-жылы биринчи вице-премьерлик кызматка дайындаган. Бирок жыл өтпөй өз каалоосу менен кызматын тапшырып кеткен. 2010-жылы Апрель окуяларынан кийин өзүнүн "Республика" партиясын түзүп парламентке келген. Ошол жылы убактылуу президенттин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева аны кайра биринчи вице-премьерлик орунга дайындап, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин Бабанов премьер-министрлик кызматка отурган.

Ээрден шыпырган Islander One аргымагы. Бабановду премьерликтен 2012-жылы жылкы баласына байланыштуу маселе алып түшкөн. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев премьер-министр Бабановду түрк ишкерден кымбат баалуу аргымакты парага алган деп айыптаган. Эл өкүлү асыл тукумдуу жылкынын баасы 500 миң доллардан 1,5 миллион долларга чейин турарын айтса, Бабановдун маалымат кызматы жылкыны өкмөт башчы 20 миң долларга эле сатып алганын билдирген болчу. Аягында ЖКдагы көпчүлүк коалициядан "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" фракциялары чыгып, Бабанов башында турган өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен. Кызыгы, Бабанов алмашып, ал эми өкмөттүн курамы өзгөрүүгө дээрлик учураган эмес. 

© Фото / пресс-служба дирекции по национальным видам спорта КРIslander One аргымагы
Конноспортивные игры, посвященные 90-летию государственного предприятия Центр развития этнокультуры, конноспортивной индустрии и племенного коневодства в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Islander One аргымагы

Соцтармак. Өмүрбек Бабановдун Facebook социалдык тармагындагы баракчасы кыргызстандыктардын ичинен биринчилерден болуп расмийлештирилген. Тагыраагы баракчада верификация болду деп белгиленип турат.

Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов кайда эмне кылып жүргөнүн Казакбаев айтып берди
Багы ачылбаган тандем. 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында, 2014-жылдын 20-октябрында Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев тандем түзүп "Республика — Ата-Журт" партиясын негиздешкен. Шайлоонун жыйынтыгы менен аталган "жаңы партия" экинчи орунга илинген. Бирок 2015-жылдын ноябрь айында ич ара пикир келишпестиктерден улам тандем эки айры жолго түшкөн.

Президенттик шайлоо. Быйылкы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов күчтүү талапкерлердин бири болду. Шайлоо өнөктүгүнө акча коротуу жагынан алдына эч кимди чыгарбай, жалпы 240,6 миллион сом сарптаган. Бирок "президент болом" деп өзүнө ишенип жаткан саясатчы жыйынтыгында шайлоочулардын 33,49 пайыз добушун алып экинчи орунду ээледи. Ал шайлоонун эртеси маалымат жыйын өткөрүп, эч качан бийликти басып албай турганын билдирген. Журналисттер ага "чет өлкөгө качып кетпейсизби?" деп суроо узатканда азырынча Кыргызстанда болуп, чет өлкөгө кийинчерээк эс алуу үчүн гана бара турганын айткан

© REUTERS / Vladimir PirogovӨмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен президенттик шайлоодо добуш берүүдө
Кандидат в президенты Омурбек Бабанов  - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен президенттик шайлоодо добуш берүүдө

Үй-бүлөсү. Бир уул, үч кызы бар. Улуу кызы Айпери 19 жашта — Англиядагы жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Уулунун аты — Нурэмир. Бир кызы мектеп окуучусу болсо, кенже кызы бир жаштан өтүп калган. Келинчегинин аты Рита, казак улутунун кызы.

Жаңылыктар түрмөгү
0