Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 10 илдет

© AP Photo / Charles Rex ArbogastСистема здравоохранения в Чикаго
Система здравоохранения в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул гинекологиялык ооруларга кыз-келиндер ар түрдүү куракта тушугат

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин бул жолку медициналык рубриканы айымдардын саламаттыгына арнайт.

© Фото / Гулдана ТалантбековаГинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова
Гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова - Sputnik Кыргызстан
1/2
Гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова
Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова - Sputnik Кыргызстан
2/2
Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова
1/2
Гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова
2/2
Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова

Гинекологиялык суроолорго жогорку даражадагы врач-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова жана Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова жооп берди.

Вульвовагинит

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Негизинен вульвовагинит менен өспүрүм курактагы кыздар көбүрөөк ооруйт. Илдетти ичеги таякчалары, гельминтоз (острица), экссудативдүү диатез, инфекция шарттайт.

Оору козголгондо кычышуу жаралат да, ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Гигенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо кажет. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.

Кандидоз (молочница)

Адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө, кант диабетине тушукканда, стресстин кесепетинен жана жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардан кийин пайда болот.

Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да, ыңгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Бул оорунун пайда болуусуна стафилококк, стрептококк, ичеги таякчасы, энтерококк, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары шарт түзөт. Мындан тышкары, жатын моюнчасынын эрозиясынын жаралып өрчүшүнө төрөт учурундагы жана аборт жасатып жатканда пайда болгон жаракат түрткү болот.

Бул оорунун алгачкы белгилери адамдын өзүнө билинбейт. Ошондуктан гинекологдун көзөмөлүнөн өтүү зарыл.

Сифилис

Сифилис — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү жыныстык жол аркылуу жугузгандар. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Сифилисти жуктуруп алган адамдын алгач эле жыныстык органына жара пайда болот.

Хламидиоз

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыныс органдарындагы варикоздун кесепети. Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен маек
Аталган илдет аялдардын жыныстык жана заара бөлүп чыгаруучу органдарын, муундарын, көздү жабыркатат. Хламидиоз менен аял ооруса күйөөсү, күйөөсү ооруса аялы дагы дарыланышы керек. Болбосо кайра эле бири-биринен жуктуруп алышат. Кош бойлуу аял хламидиоз менен ооруган учурда дарыланбаса, оору балага берилиши мүмкүн.

Жыныстык мүчөдөн суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Бул илдет өтүшүп өнөкөткө айланып калган учурда тукумсуздукка чейин алып келиши ыктымал.

Цистит

Эгер цистит болбойм десеңиз эң негизгиси бутуңузду жана белиңизди жылуу кармаңыз. Цистит жаңы башталганда табарсык тез толуп, бир күндө 10дон кем эмес жолу заара ушатууга туура келет. Заара тамчылап чыгып, жан жерди сыздатып оорутат. Кээде заара менен ириң аралаш кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет.

Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат.

Миома

Центр по ведению беременности и родов у женщин с сердечно-сосудистыми заболеваниями в ГКБ № 6 Челяюинска - Sputnik Кыргызстан
Төрөткө байланыштуу 7 аңыз. Кыргызстандык кыз-келиндердин жаңылыштыгы
Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда аталган оору пайда болот.

Миома болгондо айыз каны токтобой узак убакыт келет да, адам кансырап аз кандуулук илдетине кабылат, жамбаш сөөк, бел, бут ооруксунат, ичеги менен табарсык кысылат, жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт. Аталган белгилер байкалса сөзсүз түрдө дарыгер-гинекологго кайрылуу керек.

Киста

Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот. Бул жерде дарыгердин аракети жок оору менен күрөшүүгө болбойт.

Климакс

Климакс аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт. Май жана зат алмашуу бузулуп, аялдын денесинде май топтоло баштайт. Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, жыныс кыны менен жатындын өлчөмү кичиреет. Булчуӊдар бошоӊ тартып, заара ушатуу көбөйөт. Климакска кээ бирлер эрте туш келсе (35-40) айрымдар 55 жаштан кийин тушугат. Ошондой эле бирөөлөрдө бул процесс жеӊил өтсө, башкаларда орто же оор болушу ыктымал. Бул учурда ооруканага баш багуу зарыл. Дарыгерлер климаксты убакыттын өтүшү менен организмде пайда болчу процесс катары сыпатташат.

Жатын моюнчасынын рагы

Жогорку даражадагы дарыгер-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканованын айтымында, жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда жаралат.

Жаш эне Бегимай дүлөйлүк менен ооруган уулу Алишер менен - Sputnik Кыргызстан
Баламдын дүлөй экенин билбей эле... Эненин муң-зары
Биринчи баскычта жатын моюнчасынын ичиндеги былжыр чел жаралана баштайт. Экинчи баскычта шишик жатындын тегерегиндеги ич майга жана анын айланасына тарайт. Үчүнчү баскычта шишиктер сөөккө чейин жетет. Төртүнчү баскычта жатын моюнчасынан шишиги чоңоюп, табарсык менен көтөн чучукту тиреп, без жана кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизет.

Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы аркылуу дарылашат.

P.S. Дарыгерлердин айтымында, аялзаты жылына бир жолу гинекологго көрүнүп, анализ тапшырып турушу зарыл. Жогорудагы оорулардын белгилери болсо дарыгер-гинекологдордун кеңеши жок өз алдынча дарылануу туура эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0