Арстандын күчүгүн шаарда жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген

© Фото / пресс-служба Госинспекции по экологической и технической безопасностиАрстандын күчүгүн шаарда жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген
Арстандын күчүгүн шаарда жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-октябрь күнү борбор калаанын көчөсүндө жаш жигит арстандын күчүгүн мойнуна каргы тагып жетелеп алып, элге аны менен акча төлөп сүрөткө түшүүнү сунуштап жүргөнү тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Арстандын күчүгүн борбор калаада жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Шухрат Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, жаран 1-ноябрда Свердлов райондук милициясына өзү келген.

"Биз рейд уюштуруп, бирок кишини таппагандыктан, укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылганбыз. Арстандын күчүгүн жетелеп жүргөн жаран 1-ноябрда Свердлов райондук ИИБге өзү кайрылган. Укук коргоо органдары биз менен байланышып маалымат беришти", — деди ал.

Милицияга өзү келген жарандын айтымында, ал арстандын күчүгүн 27-октябрда Бишкектен бейтааныш кишиден эч кандай документи жок сатып алган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин арстандын күчүгү Караколдогу "Бугу эне" фондусуна өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0