Кайсы куракта балалуу болуу кооптуу экени аныкталды

© AFP / JAY DIRECTOЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашы өткөн сайын эркектердин бел суусу ар кандай ооруларды жана мутацияга алып келчү кемтиктерди чогулта баштайт

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар жашы өйдөлөп калган эркектердин бел суусунан бүткөн түйүлдүктөр жаштардыкына салыштырмашуу 35 пайызга кечирээк өрчүй турганын аныктады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Weill Cornell Medicine медициналык борборунун окумуштууларынын айтымында, жашы өткөн сайын эркектердин бел суусу ар кандай ооруларды жана мутацияга алып келчү кемтиктерди чогулта баштайт. Бул курсакта оорулуу түйүлдүктүн пайда болушуна алып келет. Мындай чечимге 25 жаштан 55 жашка чейинки эркектерди изилдеген окумуштуулар келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Бел сууну изилдөөнүн жыйынтыгында 55 жаштан жогорку эркектердикинен көбүрөөк оорулар табылган. Ошондой эле бойго бүтүү ыктымалдыгы дагы жаштардыкына салыштырмалуу 46 пайыз азыраак болору аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0