Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

© AFP / SEBASTIEN BOZONЭлект лампасы. Архив
Элект лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы көмөк чордондорду оңдоодон улам өчүрүлүүдө

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүгүндө бейшемби күнү, 2-ноябрда жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан маалымдашты.

9.00дөн 18.00гө чейин "Красный строитель" конушунун Сары-Челек, Нурек, Набережный, Бухара, Дубосевский көчөлөрүндө, Ак-Сай, Барсаун, Беш-Күнгөй тар көчөлөрүндө жарык жок болот.

9.00 — 19.00 — "Келечек" конушу менен "Көк-Жар" конушунун батыш тарабы.

9.00 — 11.00 — Орто-Сай айылынын Москва, Гоголь, Герцен, Сүйүнбаев, Осмонкул көчөлөрү.

9.00 — 16.00 — Пархоменко, Разина, Кишинев, Ахунбаев, Шота Руставели, Жунусалиев, Воронеж көчөлөрү, Манас проспектисинде жана Чүй проспектисиндеги № 45, 47, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61, 63, 66, 69, 71 үйлөрүндө свет жок болот.

9.00 — 12.00 — Логвиненко менен Линейный көчөлөрүнүн кесилишиндеги № 129 үйдө, Абдрахманов көчөсүндөгү 68-үй жарыксыз калат.

9.00 — 17.00 — Абдумомунов, Рыскулов, Бейшеналиев көчөлөрү менен Мрамор тар көчөсүндө, Панфилов көчөсүндөгү №11 үйдө, "Ак-Ордо" конушундагы №3, 4 үйлөрүндө жана Жибек Жолу проспектисинде.

9.30 — 18.00 — Исанов, Ош, Медеров, Горький, Айдаралиев, Жамбул, Белинский, Баялинов, Воркутинск, Курчатов, Гагарин көчөлөрүндө жана Новосибирск менен Оренбург тар көчөлөрү жарыксыз калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0