Саламаттык сактоо министрлиги: былтыр аракечтиктен 24 адам каза тапкан

© AFP / CHARLY TRIBALLEAU Питейные заведения во Франции
Питейные заведения во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик аракечтикке берилгендердин саны өсүп жатканын айтты

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда аракечтердин жылдан жылга өсүп жатканын Республикалык наркология борбордун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Татьяна Борисова маалымат жыйында билдирди. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевЗамдиректора по лечебной работе Республиканского центра наркологии Татьяна Борисова
Замдиректора по лечебной работе Республиканского центра наркологии Татьяна Борисова - Sputnik Кыргызстан
Замдиректора по лечебной работе Республиканского центра наркологии Татьяна Борисова

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, наркологиялык каттоого 33 562 алынган, анын 80 пайызы аракечтер. Калгандары баңгизатка көз каранды болгондор. Алардын көбү элден жашырынып дарыланат.

Борисованын айтымында, 2016-жылы аракечтиктен 24 киши каза болгон.

Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
2012-жылдан 2016-жылга чейин аракечтердин саны кыскарган болсо, 2017-жылы көрсөткүч 0,3 пайызга жогорулаган.

Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчыса Жылдыз Бакирова аракечтердин 11 пайызы аялдар экенин, эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашай турганын белгиледи.

Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0