Бишкекте манты-battle сынагы өтөт

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүФабрика по производству продуктов питания в Таджикистане
Фабрика по производству продуктов питания в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар тобуна Бишкектин мыкты ашпозчулары кирди

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте 4-ноябрь күнү ышкыбоз ашпозчулардын ортосунда эң мыкты манты жасагандар аныкталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюшуруучусу Асел Сагадиева билдирди.

Сынакка бир нече ышкыбоздордон турган төрт топ катышары айтылды.

"Иш-чарабыз Бишкектеги ресторандардын биринде өтөт. Ага ар бири 2-3 адамдан турган төрт топ катышканы жатат. Бардыгы мантыны баштан-аяк ошол жерден даярдашат. Биринчи командада жубайлар, экинчисинде кесиптештер, үчүнчүсүндө достор катышары белгилүү болду. Акыркы команданын курамын күтүп жатабыз", — деди Сагадиева.

Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто эң даамдуу палоо баскан эки ашпозчу тандалды
Анын айтымында, калыстар тобуна Бишкектин мыкты ашпозчулары кирди.

Жеңүүчүлөрдү кызыктуу байгелер күтөт.

Ал эми иш-чарага катышып, даамдуу манты жегиси келгендер алдын ала уюштуруучулар менен байланышып, билет сатып алышы керектиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0