ӨКМ: тогуз айда 47 адам өрттөн каза болгон

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСитуация в Луганске
Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Быйыл 9 айдын ичинде катталган өрт кырсыктары 47 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган убакыт ичинде өлкө боюнча 3379 өрт чыгып, ал 416 миллион 702 миң 236 сом материалдык чыгым келтирген.

"Статистика боюнча өрт кырсыктарынын 45,8 пайыздан көбү турак жайда чыкса, региондор боюнча Чүй облусунда 1177, Бишкек шаарында 646, Жалал-Абад облусунда 381, Ош облусунда 323, Ысык-Көл облусунда 285 жана Ош шаарында 172 өрт кырсыктары катталган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өрт кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу Ош облусунда 24,5 пайызга, Баткен облусунда 13.8 пайызга, Жалал-Абад облусунда 7,5 пайызга азайган.

Эскерте кетсек бүгүн ӨКМде 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңеш өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0