Нарын казыяты Куланакка жайгаштырылган памирлик кыргыздардан кабар алды

© Фото / Нурзада МукашеваКыргызстанга келген памирлик кыргыздар. Архив
Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келген

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Нарын облусунун казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштор менен жолугушуп, алардын ал-абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Памирден келген кыргыздар ата-бабалардын салттуу ислам динин бекем тутунуп келгендигин айтышты.

"Казыяттын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордошторго мамлекет тарабынан абдан жакшы көңүл бурулуп жатканына, ал тургай бир маал эне тил сабагы окутулуп жаткандыгына күбө болушту", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 11-октябрь күнү Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келген. Баары Нарын шаарында карантинден өтүп, учурда Куланак айылына жайгашышты. Памирликтердин арасындагы кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкекте көз жарып, уулунун атын өлкө башчынын урматына Алмазбек атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0