Ошто көрүстөндөгү элүүдөн ашуун эстеликти бузду делген киши кармалды

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКөрүстөн. Архив
Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү көрсөтмө берип жатып, эстеликтер маркумдар үчүн оордук кыларын билдирген

ОШ, 30-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Татар айылындагы көрүстөндө тургузулган элүүдөн ашык эстеликти оодарган деп шектелип, 28 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалган жаранга карата кылмыш иши козголду.

"Шектүү 48 саатка камакка алынды. Баш коргоо чарасы эртең, 31-октябрда Ош шаардык сотунда каралат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү көрсөтмө берип жатып, эстеликтер маркумдарга оордук кыларын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0