Мектептен кууган эмеспиз! Жоголгон окучуунун директору үн катты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окучуусу 26-октябрда мугалимдердин чогулушуна катышып чыккандан кийин дайынсыз болуп, үч күндөн кийин табылган

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы №32 орто мектептин директору Асел Садыкова дайынсыз жоголуп үч күндөн кийин табылган окуучунун окуясы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына комментарий берди.

Ученики не приходят на уроки в Сузаке - Sputnik Кыргызстан
Сузакта айрым мектептин окуучулары жаңгак терип кетип, сабак үзгүлтүккө учуроодо
Аталган мектептин 9-классынын окуучусу 26-октябрда саат 18.00дө мугалимдердин чогулушуна катышып чыккандан кийин кабарын билдирбей кеткен. Эки күн борбордук мечитте түнөп, үчүнчү күнү өзү жашаган аймактагы химиялык ишкананын чатырында жатканда табышкан.

Өспүрүмдүн таежесинин айтымында, ал 7-класска чейин жакшы окуган. Мугалими менен директорунун басымынан улам окууга кызыгуусу жоголо баштаган. Ал эми мугалимдердин соңку чогулушунда окуусу начарлап кеткени айтылып, аны мектептен чыгарып салуу боюнча маселе коюлган.

"Баланы класс жетекчиси да, мен да эч кандай басмырлаган эмеспиз. Ал өзү 7-класстан кийин окууга жакшы катышпай, сабактан качып, дайыма кечигип келчү болду. Чогулушта ага кечки окуу бөлүмүнө которулууну сунуштаганбыз. Бирок аны мектептен чыгарган эмеспиз", — деди Садыкова.

Ошондой эле окуучунун класс жетекчиси бүгүн жумушка чыкпай, телефонго да жооп бербей жатканын кошумчалады. Анын божомолунда мугалим окуучусу жоголгондон кийин өзүн жаман сезип ооруканага жаткырылган.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова окуя учурда такталып жатканын жана анын жыйынтыгына жараша жооптуу адамдар жазага тартыла турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0