Балдар интернаттарынын маалымат-аналитикалык системасы иштелип чыкты

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүГенеральная репетиция спектакля "Лисичка. Любовь"
Генеральная репетиция спектакля Лисичка. Любовь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы системадан балдар интернаттарынын жайгашкан ордун, канча бала тарбияланарын, анын канчасы жетим жана эмне себептен бул жакка түшкөнүн толук билүүгө болот

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык өнүгүү министрлиги Европа биримдигинин техникалык колдоосу менен Кыргызстандагы балдар интернаттарынын маалымат-аналитикалык системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

До слез... Кыргызстанка не прошла в следующий тур Ты супер! Танцы - Sputnik Кыргызстан
Ка-ап!..Кыргызстандык кыз "Ты супер! Танцы" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды
Учурда өлкө аймагында балдардын 127 интернаты бар. Алардын 63ү мамлекеттик болсо, 56сы Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында турат.

Жаңы системадан балдар интернаттарынын жайгашкан ордун, канча бала тарбияланарын, анын канчасы жетим жана эмне себептен бул жакка түшкөнүн толук билүүгө болот. Маалымат-аналитикалык система Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.

Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаеванын айтымында, интернаттагы балдардын эсебин так жүргүзүп, аларга тийиштүү колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0