КР жарандарына Россияда өз күбөлүгү менен машина айдоого тыюу салуу сунушталды

Жазылуу
ЛДПР фракциясы КР президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрды тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялаганына каршы чыгууда

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн Россияда колдонууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоору сунушталганын Мамдуманын эмгек, социалдык саясат жана ардагер иштери боюнча комитетинин төрагасы, ЛДПР фракциясынын жетекчи орун басары Ярослав Нилов билдирди.

Ал Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн жарыялоо боюнча мыйзамга өз пикирин айтты.

"Аныгында Россия империясына каршы көтөрүлүү күнүн улуттук майрам кылып, биз тарапка саясый достук эмес мамиле кылып койду. Баарына белгилүү болгондой Россия Федерациясы Советтер Союзунун мураскору, ал эми СССР өз учурунда Россия Империясынын мураскору", — деген Ниловдун пикири партиянын сайтына жарыяланды.

Нилов ошондой эле Россия империясына каршы туруу күнүн майрам деп жарыялоо ачыктан-ачык Россияга каршы аракет катары сыпаттоого болоорун кошумчалаган.

Мамлекеттик думанын вице-спикери Игорь Лебедевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кунт коюп окуңуз! КР президентинин аппараты Мамдуманын депутатына жооп берди
Быйыл жай айында Россиянын Мамдумасы Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берген мыйзам кабыл алып, ага Владимир Путин кол койгон.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Бир катар ЖМКлар ЛДПР фракциясынын өкүлү Игорь Лебедевдин "кыргыздар Россияга каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн улуттук майрам деп кабыл алды. Буга байланыштуу кыргыздар мындан ары Россиянын айдоочулук күбөлүгүн сынак тапшырып алсын" деген пикирин жарыялаган. Өз кезегинде КР президентинин аппараты Лебедевге документти биринчи кунт коюп окуп чыксын деген кеңеш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0