Бишкектин айрым аймагында 4 күн газ жок болот

© AFP / SHAUN CURRYГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр отту өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу болууда

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймагында төрт күнгө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Бишкек шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноябрдын алгачкы күндөрүнө карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Ибраимов, Москва, Калык Акиев көчөлөрү менен Чүй проспектисинин чектешкен аймагында жана Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде көгүлтүр от болбойт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0