01:18 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Коом
Кыскача шилтеме алуу
396620

Илимий тажрыйба эркектерди аял калкынын кайсы бөлүгү кызыктыраарын айтып берди

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Европалык окумуштуулар аялдардын башкаларды көп каратып, кызыктырган мүчөсүн аныкташты. Бул туурасында Evolutionary Psychological Science журналына чыккан материалда айтылат.

Кафеде отурган кыздар. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Адистер тажрыйба жасап, ыктыярдуу кишилерге аялдын 3D менен жасалган дене мүчөлөрүн окшош, ал эми белдерин ар башкача өңүттө жасап көрсөтүшкөн. Адамдын көзү кайсы жерге тигилип тургандыгын аныктаган атайын аппараттын жардамы менен отургандарга көз салып, жаздырып алышкан.

Эксперименттин жыйынтыгында көз караштар кыздардын бел жагында кабатталган терисине тигилген.

Кабатталган ал жерди караган эркектердин саны көп болуп чыккан да, баа бере келгенде мындай "сулуулукка" жогорку упайлар ыйгарылган.

Окумуштуулар бул жерде кызык учурду таап чыгышты. Илимпоздор башка сүт эмүүчүлөргө окшоп, адам баласы да кайкалап турган белди ургаачы менен эркектин кошулуусу катары берилген белги катары кабыл алат деп билдиришкен.

Тема боюнча

Сааттап сериал көрүүнүн кесепети эмнеге алып келери анык болду
Окумуштуулар спорт менен машыккан кыздар төшөктө кандай болорун айтты
Белгилер:
дене, изилдөө, эксперимент, Окумуштуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ