12:18 10 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Памирлик кыргыздар (80)
590 0 0

Көчүп келген ар бир кыргызга 50 миң сомдон берилет

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен келген этникалык кыргыздарга материалдык жардам иретинде 1 миллион 650 миң сом бөлдү.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча көчүп келген ар бир кыргызга 50 миң сомдон берилет.

Эскерте кетсек, 11-октябрь күнү Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келген. Баары Нарын шаарында карантинден өтүп, учурда Куланак айылына жайгашышты. Памирликтердин арасындагы кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкекте көз жарып, уулунун атын өлкө башчынын урматына Алмазбек атаган.

Тема:
Памирлик кыргыздар (80)

Тема боюнча

Бишкекте көз жарган памирлик келин буга чейин 9ду төрөсө, үчөө эле жашап кеткен
Памирлик кыргыздар Куланак айылындагы кесиптик лицейге жайгаштырылды
Белгилер:
Памир кыргыздары, жардам, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ