ЖМК: бычакталган милиционер ИМ согушкеринин колунан өлгөн

Жазылуу
Укук коргоо органынын кызматкеринин өлүмү "Ислам мамлекети" тобунун өлкө аймагындагы алгачкы чабуулу катары бааланууда

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук ИИБдин бычакталган кызматкери "Ислам мамлекети" террордук тобунун курмандыгы болду. Бул тууралуу террорчулар көзөмөлдөгөн Аmaq News Agency агенттигинин маалыматтарын ретрансляциялаган SITE агенттиги билдирди.

"Кыргызстанда "Ислам мамлекети" террордук тобу тарабынан алгачкы чабуул жасалды. Террорчулар Бишкекте милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын ИИМи азырынча окуяга эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Бычакталып каза болгон милиционерге кол салган учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бычакталып каза болгон милиционерге кол салган учур видеого түшүп калган
Эске салсак, 26-октябрга караган түнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милиция кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү. Ал мурунку күнү Уларбек өзүнүн өндүрүшүндөгү иштерди жана табелдик куралын тапшырып, үйлөнөрүн айтып эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн рапорт жазган. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Бир нече убакыттан кийин ал бычакталып каза болгону белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0