Сузакта аз камсыз болгон 240 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

© Фото / пресс-служба ДУМК КРСузактын Көк-Жаңгак шаарчасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди
Сузактын Көк-Жаңгак шаарчасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этностор аралык ынтымак, достукту даңазалоо, жаштарды туура жолго тарбиялоо максатында айылдыктар үчүн сый тамак уюштурулган

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сузактын Көк-Жаңгак шаарчасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кайрымдуулук иш чарасы шаар тургуну Эркин Сарбашев тарабынан уюштурулган.

"Шаардагы 240 үй-бүлөнүн ар бирине 1150 сомдук азык-түлүк таратылып, айрым турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө акчалай да жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, этностор аралык ынтымак, достукту даңазалоо, жаштарды туура жолго тарбиялоо максатында айылдыктар үчүн сый тамак уюштурулган.

Иш-чарага казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков жана Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов баштаган муфтияттын өкүлдөрү да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0