Башка планеталык келгиндерди кыргыз деген эмесмин! Япониялык режиссер үн катты

© NASAЖер планетасы. Архив
Жер планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониялык тасма коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрдү

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Япониялык режиссер Жуния Окабэ башка планеталык келгиндер тууралуу Brave Storm (Кайраттуулар бороону) деп аталган тасмада алардын кыргыз деп аталары тууралуу маалыматты четке каккан билдирүүсүн Тwitter баракчасына жазды. 

Тwitter колдонуучусу Айпери Сейитбекова "Killgis" деген сөздүн маанисин сурап кайрылган. Жуния Окабэ ага жооп берип жатып мындай аталыштагы каарман балдар үчүн арналган берүүдөн алынганын айткан.

"Killgis келгиндери 1971-жылы эфирге чыккан "Күмүш беткап" аттуу балдарга арналган берүүдөн алынган ойдон чыгарылган каармандар", — деп жазган режиссер.

Япон режиссеру аталышы бурмаланып калганын белгиледи.​

"Кимдир-бирөө жазылганды туура эмес түшүнүп алган", — деп жазган тасманын автору.

Кадр из трейлера фильма Буря отважных японских фильмейкеров Хисаши Йошизава и Шуншек Дейто - Sputnik Кыргызстан
Башка планетадан келген кыргыздар. Японияда Жерди басып алуу боюнча тасма тартылды
Түп нускада келгиндер "Killgiz" деп аталат, бирок айрымдардын катачылыгынан улам удаа келген "ll" тамгалары "R" болуп калган.

Фильмде 2050-жылы Токиодо болгон окуя баяндалат. Бөтөн планеталыктар Жер бетинен адамзатты кырып салгандан кийин андан аман калгандар баскынчылардын аскердик роботторду даярдоочу технологиясын уурдап чыгат. Өткөн чакка барып, болочокто келгиндерге туруштук берчү армия курайт. Ал эми Кызыл барон деп аталган аскердик роботтун ролун жаш мушкер ойнойт.

Кинематографисттердин расмий сайтында тасманын бет ачары 2017-жылдын 10-ноябрына белгиленгени жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0